Кыргызстандык ойлоп-табуучу шамал-генераторун "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө коюуга ниеттенүүдө

Жазылуу
Шамал менен иштеген "Шам Тур" генератору чакан жана ташып жүргөнгө ыңгайлуу. Ал кичине жел болсо эле иштей берет. Аны бир киши деле курап коё алат.

Кыргызстандык конструктар Эмил Турсунов шамал менен иштеген генератордун эксперименталдык моделин жасаганын айтат. Эми аны өнөр-жайда колдонууга ылайыктап жасоонун үстүндө иштеп жатат.

"Жазында өнөр-жайда колдонууга боло турчу түрүн жасайбыз деген тилегибиз бар. Аны "Манас Ордо" этникалык комплексине орнотобуз. Аталган жайдын жетекчилиги комплекстин ичин биз жасаган генератор менен жарыктандырууга даяр, алар менен сүйлөштүк", — деди ал.

Турсунов жасалган генератор кичине жел болсо деле иштей берерин айтып, генератор шамалдын күчүн максималдуу түрдө пайдаланып узак жана туруктуу иштеши үчүн "парус" принциби колдонулганын кошумчалады. Жарыктандыруу жана тиричилик шаймандарын иштеткенден тышкары бир киловатт электр энергиясын иштеп чыгып, ал үйдү же батирди жылытууга жетерин айтты.

Толук айылында жашаган окуучу шприц менен иштеген экскаватор жасап алды
Ал ошондой эле, шамал генераторун катардагы жарандар, малчылар да сатып алса болорун билдирди. Азыркы учурда анын баасы эки миң долларга чейин барат. Бирок наркын миң долларга чейин түшүрсө болот. Анткени колдонулган материалдардын башка окшош арзан түрлөрү бар дейт ал.

Турсунов шамал генераторун кийинки жылы Астана шаарында өтчү "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнө коюуга ниеттенип жатат. Андыктан, көргөзмөгө коюуга жетишүү үчүн өндүрүштө колдоно турчу генераторду жасоону тездетүү керек дейт ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0