Кыргызстанда жүрөк формасындагы жашылчалар өстүрүлүүдө

Жазылуу
Азырынча Бишкекте жүрөк жана жылдыз формасындагы бадыраңдар сатылууда. Ал кадимки бадыраңдардан үч эсе кымбат.

Кичинекей арбуз формасындагы бадыраңдар Бишкекте өстүрүлүп баштайт. Бул тууралуу агроном Андрей Нечаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

31 жаштагы ишкер өнөктөшү менен бирге Кыргызстанда биринчилерден болуп түрдүү формадагы бадыраңдарды өстүрүп баштады.

Нечаев алар өстүргөн бадыраң сырткы көрүнүшү менен гана айырмаланарын айтат.

"Анын даамы кадимки эле бадыраңдай. Алардан эч айырмаланбайт", — деди агроном. 

Мындай өзгөчө формадагы бадыраңдар кадимки бадыраңдарга салыштырмалуу дээрлик үч эсе кымбат. Анын бир даанасы 70 сом.

Бадыраңды өзгөчө формага келтирүү үчүн ал атайын калыпка салынат, аларды Иорданиядан тапшырык менен алдырышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0