Жакиев: менин мааракем руханий дөөлөттөрдү сактоого караганда 50 эсе бери турат

Жазылуу
Кыргыз Эл баатыры, таланттуу драматург, чебер прозаик Бексултан Жакиев премьер-министр Темир Сариевдин куттуктоосун кабыл алып жатып, 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарта турганын айтты. Буга кеткен каражатты жазуучу маданиятты өнүктүрүүгө жумшоо керек деп эсептейт.

Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев өз мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрбөө тууралуу өкмөткө кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, маараке үчүн актерлорду алагды кылып, театрларды талашуу туура эмес.

"Кыргыз эли арыдан бери болуп, көйрөңдөбөгөн эл. Андан көрө ошол каражатты маданиятты өнүктүрүүгө, тарыхты изилдөөгө жумшоо пайдалуу", — деди жазуучу.

Мындай аракети үчүн маараке өткөрүү алдында турган кесиптештеринин катуу сынына кабыларын белгилеген Жакиев салтанат өткөрүүнүн башка жолдору бар деп эсептейт.

Кыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январь күнү Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жарыкка келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0