Музей кызматкери: кыргыздар XII кылымда эле термалдык сууларды пайдалана билишкен

Жазылуу
Кыргыздар XII кылымда эле термалдык сууларды пайдалана билишкен. Бул туурасында Каракол шаарындагы Тарых аймак таануу музейинин кызматкери Бурулуш Сулайманова айтып берди.

"Шах-Фазиль" тарыхый - архитектуралык комплексин реставрациялоо соңуна чыгып калды
Тарых аймак таануу музейи мындан 67 жыл мурда түптөлгөн. Экспонаттар сегиз бөлүмдө жайгашкан. Музейдин ар бир залы өзүнчө тарыхый мааниге ээ. Мисалы, "Археология" залында байыркы замандарда колдонулган буюмдар, саймалуу таштар, таш жана коло доорунда пайдаланылган эмгек куралдары, согуш куралдары, коло казандар, чоподон жасалган идиштер жана сүрөт экспонаттар бар. 

Музейдин жетектөөчү илимий кызматкери Бурулуш Сулайманованын айтымында, учурда аймакта 600дөн ашык термалдык суулар бар. Байыркы кыргыздар аларды билгичтик менен пайдалана билишкен. 

"Ысык булактарды кыргыздар XII кылымда эле билип, аларды атайын түтүктөр менен ташып алып турушкан",— дейт Сулайманова.

Музей жамааты быйылкы жыл тарых жана маданият жылы деп жарыялангандыктан, жергиликтүү элди тарыхы менен маданиятын билүүгө көбүрөөк тартуу иштерин пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0