Өрт өчүрүүчү Жекембиев: өрттү өчүрүүгө үч мүнөттө жетип келдик

Жазылуу
Каракол шаарындагы Бектенов көчөсүнүн №160 үйүнөн өрт чыгып, анын ичиндеги оокаттары менен кошо үйдүн жарымы өрттөнүп кетти. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок деп билдирди Ысык-Көл облустук өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук нускоочусу Бекжан Жекембиев.

Окуя бүгүн 14-январда болгон. Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, өрт өчүрүүчүлөр үч мүнөт ичинде жетип келип, өчүрүп калууга жетишкен. 

"Бизге маалымат күндүзгү 12:11де түштү. Өрт каттуу болгондуктан, өрт өчүрүүчү экинчи унааны чакырууга туура келди. Алдын ала болжолдоолор боюнча, тилсиз жоо электр зымдарынын учкунунан улам чыккан",— деди Жекембиев. 

Тилсиз жоо жалмаган үйгө коңшу жашаган Турсун Исмаилов өрт чыгып жаткан маалда үй ээсине жалынды өчүрүүгө жардам берүүгө аракеттенгени менен, суусу жок эч нерсе кыла албагандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0