Тоолуу Катраң. Жер алдындагы алмакана. Багбан Сабыт Саттаровдун табитти ачкан алмалары

Жазылуу
Баткен облусунун Лейлек районундагы тоолуу аймак болгон Катраң айылынын тургуну Сабыт Саттаровдун алма багы бар. Бул үй-бүлөнүн негизги киреше булагы бир гектарга отургузулган ушул жемиш багы.

Таластыктарга эми кой буурчак өстүрүү сунушталып жатат
Саттаров жазында алманы сугарып, күздө мол түшүм алууга аракеттенет. Ал эми күзүндө жаздын камын көрүп, ашыкча бутактарын кесип алма дарагын жазга даярдайт.

Багбандын айтымында, күзүндө айрым шактар, мөмө байлап, жерге салаңдап тийип калат, аны күзүндө эле коюу шактарды суюлтуу зарыл.

Ал эми кышында жыйнаган алмаларын этияттап сактап, ар бир сортуна өзгөчө көңүл буруп чыгат.

Учурда багбандын бакчасында алманын бир нече түрүн байлаган дарактар бар. Ошол эле аймакка алмакана курган, алган түшүмүн түр, түрүнө бөлүп, 3-4 ай сактап, анан сатат. Орто эсеп менен бул кампага сегиз тоннанын тегерегинде жемиш батат.

 "Алманы сактоо өтө дыкаттыкты талап кылат. Алмакананын 80 пайызы жердин алдында жайгашуусу керек. Аны шамалдатып турбаса болбойт. Нымдуулук 85-90 пайыз болушу зарыл. Биздин продукциялар табигый жаткан таптаза деп эсептелет",— дейт багбан Саттаров. 

Тандырга кызарта жабылган токочтор жеген сайын жегиңди келтирет
Катраңда жылына 10 миң тоннага чейин алма жыйналат. Анткен менен багбандар жыйнаган алмасын татыктуу баада сата албай калган учур да кездешет.

Саттаров алмалардын килограммын быйыл дүңүнөн 10-15 сомдон бааланып жаткандыгын айтып, азыр эмес кыштын аягы менен соодалай тургандыгын билдирди.

Катраңдын алмалары Кыргызстандын ички рыногу – Ош, Бишкек шаарларына, андан сырткары Казакстан, Россияга экспорттолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0