Жаныбарлардын жашоо шарты — Бишкектеги зоопарктан тартылган видео

Жазылуу
Бишкекке келген көчмө зоопарктагы жырткыч жаныбарлар тар торлордо кармалып, сууктан корголгон эмес, дейт видеосун жөнөткөн пайдалануучу

Сергей аттуу пайдалануучу WhatsApp-каналга Бишкекке келген көчмө зоопарктан тартып алган видеосун жөнөтүп, жаныбарлар "начар шартта күн кечирип жатышканын" жазып жиберген.

"Жырткычтар тар торлордо кармалып турушат. Чоң аюулардын бири үч чарчы метр аянттагы тордо жашоодо", — деп жазат пайдалануучу.

Сергейдин айтымында, арстан менен ягуар сыяктуу тропикалык айбанаттар сууктан корголгон эмес. 

"Бул зоопарк ушуну менен экинчи жолу Бишкекке келип жатат. Алгачкы ирет 2012-жылы келип кеткен", — дейт Сергей.

Буга чейин борбор калаага көчмө дельфинарий келгени белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0