Ойкуп-кайкып сүзгөн белуха бөбөктөр менен сууда ойноду

Жазылуу
Кыргызстанда дельфинарий ачылды. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, алгачкы оюн-зоок шаардагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына арналды.

Бишкектеги дельфиндер бассейнде сүзүп, келгендер менен саламдашып, суу бүрктү
Деңиз мышыктары жана дельфиндер түрдүү номерлерди көрсөттү. Аларды күнүнө үч жолу тамактандырышат.

Учурда эки дельфин 6 жашта, белуха 7 жана деңиз мышыгы 2,5 жашта. Бассейндин тереңдиги 3,5 метр, ага 650 куб суу батат. Анда эки дельфин менен белуха сүзөт. Алардын ортосунда "жаңжал" болуп кетпеши үчүн деңиз мышыгы башка жайда кармалат. Бассейндеги суу 22 градус жылуу. Суунун курамы деңиз суусуна жакындатылып, атайын туздар салынган. Ал фильтр аркылуу тазаланып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0