Бул чоң ката болду — Атамбаев Түркиянын россиялык Су-24 учагын атып түшүрүүсү тууралуу

Жазылуу
Түркия россиялык учакты атып түшүргөнү чоң жаңылыштык болгонун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Түркия 25 жылдан бери куралып келе жаткан мамилеге сокку урду.

Түркия тарабынан атып түшүрүлгөн Су-24 учагынын кара ящигинин сыртына зыян келген
Президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган өкүнүп жатканын айтты. Атамбаевдин пикиринде Түркия кечирим сурап, ал эми Россия кенендигин жана кеменгерлигин көрсөтүп кечириши керек.

Россия менен Түркиянын мамилеси Су-24 учагынын кыйратылышынан кийин солгундап кеткен. Россиянын Су-24 учагы түркиялык аскерлер тарабынан Сириянын аймагынан атып түшүрүлгөн. Путин муну "аркага сайылган бычак" деп баалап, Түркия мамлекетине карата экономикалык санкцияларды киргизген. Ага ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы чартердик каттамдарга тыюу салынып, жаңы жылдан баштап түркиялык жарандарды жумушка алууга бөгөт коюлган. Мындан тышкары, Россиянын аймагында иш алып барган түркиялык уюмдардын иштөөсүнө чек коюп, айрым товарларды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынган.

Путин Су-24 учагы Түркияга нефть жеткирүүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында атып түшүрүлгөн деп айтууга толук негиз бар экенин маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0