Дизайнерлик балатылар аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга жаңы жылдык жардам үчүн сатылды

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу "Мен Кыргызстанды жакшы көрөм" жаштар кыймылы, BishkekPark компаниясы жана Бишкектик дизайнерлердин жардамы менен "Жаңы жылдык кыял" долбоорунун алкагында кайрымдуулук аукционун өткөрдү.

Sputnik Кыргызстан жана бишкектик дизайнерлер балдардын "Жаңы жылдык кыялын" орундатты
BishkekPark соода борборунда өткөн аукциондо колдон чыгып — кийизден, кофе дандарынан, жыгачтан, пластиктен жасалган ар кыл жаңы жылдык балатылар сатылды.

Долбоордун уюштуруучулары аукциондон түшкөн каражаттын баарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин быйылкы каарманы болгон аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү үчүн жумшалат. Жаңы жыл алдында журналисттер менен долбоордун катышуучулары аларга белек-бечкек тапшырып кайтышат. Бул майрам жөнүндөгү кызыктардын баарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин эки тилде чыга турган фотолента, видеорепортаждарынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0