Шаардын көчөлөрү түнү бою тазаланып жатат

Жазылуу
Бишкекте жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол менен тротуарларды кар жана муздан тазалап чыгышты.

Бишкектеги көчөлөрдү кардан кантип тазалайт
Кезметте 16 кар тазалоочу, эки кум чачуучу унаа, төрт трактор жана төрт жүк ташуучу унаа иштеп жатты. Мында унаалар диагоналынан туруп, карды дароо арыктарга ыргытып жатышты. 

Ал эми борбор калаанын тротуарларын Ленин районунда 507, Октябрь районунда 81, Биринчи Май районунда 152 жана Свердлов районунда 116 адам тазалашты.

Мэрия көчөлөрдү кардан тазалоо иштери улантыларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0