Көзүн танган спортчулар гиряны асмандата ыргытышты

Жазылуу
Гиря спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатында эң күчтүү спортчулары аныкталды.

Бишкекте жекшемби күнү Гиря спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өткөнүн спорттун аталган түрү боюнча федерациянын башкы катчысы Шамиль Яргаев билдирди.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча эркектер арасында 24 жаштагы Евгений Курочкин (78 кг. салмак боюнча) 24 килограммдык эки гиряны 60 жолу көтөрүп биринчиликти камсыз кылганын Яргаев билдирди.

"73 салмак категориясы боюнча Сапожников 32 килограмм салмактагы эки гиряны 21 жолу көтөрүп биринчи болду", — деп Гиря федерациянан маалымдашты.

Бука моюн, буура сан, булчуңдары буржуйган жигиттер жана… кыздар
Өспүрүмдөр арасында 63 килограмм салмактан жогорку категория боюнча Борис Польянов (14 жаштар) 16 килограмм оордуктагы гиряны 96 жолу көтөрүп жеңишке жетти. 

63 килограммдык салмакка (14 жаш) чейинки өспүрүмдөр арасында Максим Максаков 16 кг. салмактагы гиряны 71 ирет көтөрүп, жеңишке жетти. 

Аялдар арасында 24 жаштагы Екатерина Старикова 24 килограммдык гиряны 121 ирет көтөрүп, биринчиликти камсыз кылды. 

Тыныгуу үчүн спортчуларга 10 мүнөттөн берилди.

Яргаев мелдешке 72 спортчу катышкандыгын маалымдады. 

"Ош, Талас, Кара-Балта, Токмок, Ысык-Атанын өкүлдөрү келди. Андан сырткары Коргоо министрлигинин аскердик институтунун, Дене тарбия институнун студенттери жана ИИМдин, президенттин иш башкармалыгынын спортчулары – ДСК командасы катышты", — деп билдирди Гиря спорту боюнча КР Федерациясынын башкы катчысы. 

Гиря спорту боюнча КР Федерациясы Кыргызстанда 2008-жылдан тарта иш алып барып келет. Жекшемби күнү Кыргызстандын гиря спорту боюнча бешинчи кубогу өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0