Бишкекте эки согушкер жок кылынган жерден тартылган видео

Жазылуу
УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкерлери террордук топтун эки мүчөсүн Бишкек шаарынын "Чыгыш-5" аймагынан жок кылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдиргендей, 10-декабрдын түнүндө согушкерлерди жок кылуу боюнча атайын операция өткөн.

ИИМ: жок кылынган террорчулар милиционерди өлтүргөн жарандар экени аныкталды
Маалыматка ылайык, эл аралык террордук уюмдун өкүлү делген эки жаран кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн, жок кылынган. Операция учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бир кызматкери жаракат алган. Учурда анын абалы дурус.

Жок кылынган террористтер ошондой эле "Тоха" каймана аты менен белгилүү Жумагуловдун террордук тобу менен тыгыз байланышы болгону аныкталган.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жок кылынган согушкерлер Бишкек шаарынын 8-кичи районунан милиция кызматкерин атып өлтүрүүгө тийиштиги бар экенин билдиришти. ИИМ болсо жок кылынгандар милицияны өлтүргөндөр экенин бышыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0