Коррупция менен күрөшүү бий менен белгиленди. Бишкекте флешмоб өттү

Жазылуу
Юридикалык академиянын студенттери Бишкек шаарынын эски аянтында "Коррупциянын чынжырын үз!" аттуу флешмоб өткөрдү.

Бул иш-чара коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өкмөттүн жана БУУӨПтүн колдоосу менен өттү. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын студенттери улуттук ак терек, көк терек оюнун ойноп, коррупцияга каршы маанайын билдиришти.

Студенттердин алдына КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев чыгып сүйлөп, коррупцияга каршы күрөшүүнү улантуу керектигин белгиледи.

"Урматтуу уюштуруучулар, жаштар! Бүгүн ак футболка, ак шапке кийип келген ак ниет жаштардын "Коррупция жоголсун!", "Коррупциянын чынжырын үзөлү!" деген ниети "Ак үй" менен "Көк үйгө", башка министрликтерге жетсин. Бүтүндөй Кыргызстандын жетекчилерине жетсин!", — деген пикирин билдирди.

Ушундай эле акция Улуттук кардиологиялык борбордо жана башка жогорку окуу жайларда уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0