Ош базарынан милициянын автобусуна кишилерди күчтөп салышты – күбөлөрдүн тарткан кадрлары

Жазылуу
Ош базарынын алдына туруп алып уюлдук телефон саткан жарандарды милиция жыйнап жатканын ШИИБден билдиришти.

Окуяга күбө болгон жаран милиция кызматкерлери көчөдөгүлөрдүн документтерин текшерип, кээсин атайы автобуска салып жатканын тартып алган.

Видео Sputnik агенттигинин WhatsApp номери аркылуу келген. 

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Ленин районунда беш күн бою "Отработка" рейди жүрөт.

"Ушундан улам Киев жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндегы "Беш-Сары" соода борборунун алдында туруп алып уюлдук телефон саткандарды милициянын кайгуул-пост кызматынын атайын автобусу менен Ленин РИИБине алып келишет",— деп ШИИБден билдиришти.

Алар сатып жаткан телефондордун уурдалып-уурдалбаганы текшерилет. Эгер баары жайында болсо алар кое берилет дейт ШИИБдин маалымат кызматы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0