Атамбаев кургакчылык КРди кайгып өтпөгөнүн белгилеп, оорулар көбөйгөнүн айтты

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча Рамкалык Конвенциясынын Тараптарынын 21-Конференциясынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Өлкө башчысы климатын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери Кыргызстанды да кыя өтпөгүнүн белгиледи. Кургакчылык кыргызстандыктардын тынчын алып жатканын айтты.

"Кыргызстанда тоо мөңгүлөрүнүн тездик менен эрип жатышы өзгөчө тынчсыздандырууда. Ал Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелет. Божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40%га кыскарышы ыктымал", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу калктын оорулары көбөйүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0