Нарымбаев менен Коркмазовго айыбы угузулду – сот залында тартылган кадрлар

Жазылуу
Сот Абдразак Боромбаев соттун толук чечимин дээрлик жарым саат окуду. Sputnik маалымат агенттигинин корреспонденти соттун айыптоочу өкүмүн тартып калды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хаджимурат Коркмазовду үч жылдан бир жыл алты айга чейин кести.

Жума күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "пара талап кылуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевге жана мурдагы эл өкүлү Хаджимурат Коркмазовго карата айыбын угузду. Бирок, сот "Пара талап кылуу" беренесин "Алдамчылыкка" алмаштырган. Соттолгондордун аракетинен сот пара талап кылуу белгилерин көргөн эмес.

Боромбаев өкүмдү 27 мүнөт окуду.

Нарымбаев менен Коркмазовго айыбы угузулду – сот залында тартылган кадрлар
Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовду 100 миң доллар алып жаткан жеринен кармаган. Башкы прокуратура мурдагы эл өкүлүн Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. Ал бул каражатты Түлеевдин Жогорку сотто каралып жаткан ишин оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп алганы айтылат.

Коркмазов бул каражатты президент аппаратынын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаевдин тапшырмасы менен алганын билдирген. Июль айынын аягында Нарымбаевди дагы пара талап кылган деген шек менен кармашкан. Шектелген жарандар УКМКнын убактылуу кармоо жайында камалган. Алардын ал жактагы бир күнү эки күн деп эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0