"Мас айдоочу" – Бишкектеги социалдык эксперимент

Жазылуу
Мени машинага отургузуп койгулачы деп башкаларга кайрылган "мас" айдоочуга шаардыктар кандай карашат?

Бишкекте "Мас айдоочу" аттуу социалдык эксперимент жүргүздүк.

Соцэксперимент: Унаасын көрүнгөн жерге токтоткондор эскертүүгө эмне деп жооп беришти?
Сценарий боюнча, мас абалындагы жигит машинасына отурууга аракет кылат. Ошол эле учурда ал колундагы "арактан" кулкулдатып жутуп турмак. 

Биздин актер ары-бери өткөндөргө машинанын эшигин ачып берип койгула деп кайрылды.

Социалдык экспериментке туш болгон 20 кишинин тогузу "мас" айдоочуну рулга отурбай эле кой деп көндүрсө, сегизөө кайдыгер карап өтүп кеткен. Эки киши эч нерсе дебестен машинасынын эшигин ачып берсе, бир киши өз машинасы менен үйүнө жеткирип коюуну сунуштады.

Эксперимент учурунда актер бир грамм да арак ичкен жок. Ал эми бөтөлкөдө болгону таза суу бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0