Министр Боинг-737 учагынын учкучтары жана экипажы тууралуу айтып берди

Жазылуу
Жекшемби күнү премьер-министр Темир Сариев транспорт министри Аргынбек Малабаев башында турган өкмөттүк комиссия түзгөн. Комиссия 10 күндүн ичинде Боинг-737 учагынын авариялык конуусунун себебин иликтеп чыкмакчы.

Министр комиссия учакты көрүп, учкучтардын өздүк иши менен таанышып чыкканын билдирди.

"Учкучтар бардык жагынын абдан тажрыйбалуу, 10 миң сааттан учуп жүргөн адистер экени маалым болду. Авиалайнер эки ай мурун эле Красноярск шаарынан толук техникалык кароодон өткөн", — деди Малабаев.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча кырсыкка начар аба-ырайы себеп болгон. 

ӨКМ жекшемби күнү, 22-ноябрда саат 7.43тө Avia Traffic Company (Кыргызстан) ишканасынын "Боинг-737" учагы Ош шаарындагы аэропортко авариялык абалда конгон. Тилкеден чыгып кеткен аба кемесинин дөңгөлөктөрү жана канаты талкаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0