Кубанычы койнуна батпаган күйөрмандар КРдын курамасын кызуу сүрөөнгө алышты

Жазылуу
Кыргызстан менен Иорданиянын курама командалары 2018-жылы боло турчу футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында Бишкекте беттешти.

Кыргызстандын жеңиши – Иордания менен болгон беттештеги ийгилик
Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын утушу менен аяктады. Жарым коргоочу Антон Землянухин үч коргоочуну алдап өтүп тепкен тобунан майнап чыгып, оюндагы жалгыз голду киргизди.

Кыргызстан тандоо раунддарынын алкагында өз үйүндө акыркы беттешти өткөрдү. Эми футболчулар 2016-жылдын март айында Тажикстанга барып ойношот.

Ошентип, иорданиялыктар 13 упай топтосо, Кыргызстандын курама командасы 11 упай топтой алды. "В" тайпасында 15 упай менен австралиялыктар биринчи келе жатса, экинчи жана үчүнчү орунда Иордания менен Кыргызстан турат. Төртүнчү орунда Тажикстан (5 упай) жана акыркы орунду бир упай менен Бангладеш ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0