Бишкекке жалгыз дөңгөлөктүү шайтан араба менен дүйнө кыдырган улан келди

Жазылуу
19 жаштагы англиялык уланды Кыргызстандын жаратылышы кызыктырса, айдоочулар үшүн алган.

Адамзаттын тарыхында жалгыз дөңгөлөктүү шайтан араба менен жер шарын кыдырып чыгам деген англиялык Эд Пратт Бишкекке да келип жетти.

19 жаштагы англиялык улан дүйнө жүзүн кыдырып чыгууну максат кылган. Ал Англиянын Түштүк-Батыш шаарындагы өзү туулуп-өскөн Бристол шаарынан март айында чыккан. Бул убакыт ичинде 14 өлкөнү басып өтүүгө жетишкен. Эми Кыргызстандан Сингапур менен Малайзияга, андан ары Австралияга сапар алууну максат кылып турат. 

"Кыргызстанда мага баарынан жаратылышы жакты. Абдан кооз экен. Бирок, автоунаа айдагандар мени чындап чочутту. Жолдо жүрүү үчүн абдан кылдаттык талап кылынат экен, антпесең, ачууланган айдоочулардын машинасынын алдында калышың мүмкүн",— дейт Пратт. 

Ат тезегин кургатпай Түркиядан Кыргызстанга машина менен келип кеткен Адем
Өтө эле суук болуп, мейманканага токтобосо, адатта чатырда түнөөрүн айтты. Ал Кыргызстанда ошентиптир.

Саякатчы жигит анын жолго кеткен чыгымдарын өзү минип жүргөн жалгыз дөңгөлөктүү шайтан арабаны чыгарган компания төлөп берип жаткандыгын айтты. 

Пратт анын дүйнө кыдырган акциясынын бир бөлүгү Африкадагы окуучулар үчүн акча каражатын чогултуу жаатындагы кайрымдуулук фондусун колдоо иретинде болорун айтты. Жыйналган акча балдарга окуу китептерин, дептер, калемдерди сатып берүүгө жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0