Кыргызстандын Кубогу үчүн акыркы беттешүүгө саресеп жана голдор

Жазылуу
Ишемби күнү Кант шаарынын "Центральный" стадионунда "Абдыш-Ата" жана "Наше пиво" жергиликтүү клубдарынын Кыргызстандын Кубогу үчүн финалдык беттешүүсү болуп өттү.

Оюн 4:2 эсеби менен "Абдыш-Ата" командасынын пайдасына аяктады.

Беттешүүнүн жүрүшүндө "Абдыш-Ата" командасы үчүн биринчи жана экинчи голду Фархат Мусабеков менен Олувасен Алерива киргизсе, акыркы эки топтун ээси Рустем Утанов болду.

Кыргызстандын кубогун "Абдыш-Ата" командасы утуп алды
"Наше пиво" командасы эки жолу учурдан пайдаланып, эки топ киргизе алды. Биринчи топту Замир Молондаров, ал эми экинчи голду оюндун бүтөрүнө беш мүнөт калганда Чолпонбек Эсенгул уулу киргизди.

"Абдыш-Ата" Кыргызстандын Жогорку лигасынын катышуучусу, ал эми анын атаандашы Биринчи лиганын өкүлү болуп саналат.

Жарым финалдык оюнда "Дордой" "Наше Пивого" утулса, "Алай" командасын "Абдыш-Атага" жеңип алган.

Кыргызстандын кубогун Бишкектин эң көп — СКА-ПВО менен "Дордой" командалары жетиден жолу утушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0