Дубалга тиркелген акча — "Өз ара жардамдашуу тактасы" соцэксперименти

Жазылуу
Такта ошол боюнча Юнусалиев (мурунку Карл Маркс) көчөсүндө илинүү бойдон турат. Эксперименттин аягында тактада 100 сом акча калган.

Бишкекте "Өз ара жардамдашуу тактасы" социалдык эксперимент өткөрүлдү.

"Кан тапшырып, досумду куткарып калалычы" – социалдык эксперимент
Sputnik агенттигинин кабарчысы дубалга "Канча акча керек болсо ал. Кааласаң, ичиң ачышпагыдай акча таштап кет" деп жазылган пенопласт чаптап койгон. Андан төмөн жакта  20 сомдук алты жана  50 сомдук бир акча тиркелген.

Бир саатка созулган эксперименттин жүрүшүндө беш киши тактадан акча алып кеткен. Төрт адам акча тиркеп кеткен. Соңунда тактада 100 сом акча калган.

Такта ошол боюнча Юнусалиев (мурунку Карл Маркс) көчөсүндө акчасы менен кошо илинүү бойдон турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0