Башка өлкөлөрдүн бренди менен экспорттолгон Баткендин күрүчү

Жазылуу
Баткенде жылына жети миң тоннадан ашуун күрүчтүн түшүмү жыйналат. Бирок анын көпчүлүк бөлүгү кошуна өлкөлөргө сатылып, алардын бренди менен чет мамлекеттерге экспорттолот. Мындан улам Баткен облусунда күрүчтү кайра иштетүүчү бир нече ишканаларды ачуу зарылчылыгы курч турат.

Баткен аймагында күрүч айрыкча Актурпак айыл округунда жана Кожо-Ашкан дарыясынын боюндагы айылдарда айдалат. Жергиликтүү эл күрүчтү турмуш-тирикчиликте негизги киреше булагы катары пайдаланса, саманын тоют кылып малга берет. 

Жергиликтүү дыйкандар жыл өткөн сайын күрүчтү отоо чөптөрдөн арылтуу жеңил болуп жатканын белгилешет. 

"Бирок минералдык жер семирткичтер зарыл учурда жетишсиз болуп, баасы да асман чапчып кетет", — дейт жашоочулар. 

Кара өрүктү чогултууга каруу керек – айыл турмушунан
Актурпак аймагында күрүчтүн онго жакын түрү айдалат. Эң түшүмдүүсү "Вызрос" сорту. Экинчи орунда "Элита" сорту турат. Ал эми жергиликтүү "Дөөзире" түрү аз түшүм бергени менен даамдуу, баасы да жогору болот. Учурда Баткен аймагында күрүчтүн бир килограммы түрүнө жараша 60 сомдон 100 сомго чейин сатылууда. 

Аймакта түшүм жыйноо кызыган учурда асфальт жолдор кырманга айланат. Дыйкандардын айтымында, асфальтталган жолдо шалы тез кургап, аны актаган учурда күрүч майдаланып сынбайт. Бул күндөрү жергиликтүү тургундар жолдун бир метр бөлүгүн да бош калтырбай кезектешип пайдаланышат. 

Баткен аймагында жалпы жонунан жыл ичинде 2500 гектарга күрүч айдалып, 7 миң тоннадан ашуун түшүм алынат. Бирок анын көпчүлүк бөлүгү кошуна өлкөлөргө сатылып, алардын бренди менен чет мамлекеттерге экспорттолот. Мындан улам Баткен облусунда күрүчтү кайра иштетүүчү бир нече ишкана ачуу зарылчылыгы курч турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0