Сариев Сокулуктагы логистикалык борборду ачып, аны түзүүчүлөрдүн ишине ыраазы болду

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Сокулук районундагы "Агропродукт Азия" логистикалык борборунун ачылыш аземине катышты.

Өкмөт башчы Кыргызстанда ири көлөмдөгү жашылча-жемиш сактоочу алгачкы логистикалык борбордун ачылышына катышты.

"Заманбап шарттарга жооп берген, Европалык стандарттын жана голландиялык үлгүнүн негизинде курулган борбордун демилгечилери жаш, жигердүү жана демилгелүү жигиттер экени бизди абдан кубандырат. 2700 чарчы метр аянтка жайгашып, үч миң тоннага чейин жашылча-жемишти сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бул логистикалык борбордун Чүй аймагы үчүн эле эмес, жалпы өлкө масштабында маанилүү окуялардын бири болууда", — деди премьер-министр.

Темир Сариев бул борбордун ишке берилиши Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын жанданттуу жаатында активдүү иш-аракеттердин башталган тапка дал келгени өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Сариев: эки жыл ичинде жети логистикалык борбор курулат
Премьер-министрдин маалыматында, түшүмдү жыйноо жана сактоо боюнча эски стандарттар боюнча сакталып, учурдун талабына жооп бербегендиктен биздин дыйкандар өндүргөн продукциясынын 30-40 пайызга чейин сактоодо, ташып жеткирүүдө жана сатууда жоготуп жатат.

Сариевдин айтымында, соода-логистикалык борборлорду куруу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жашылча-жемиш продукцияларын сактоого, бөлүштүрүүгө жана ташууга кеткен чыгымда 50 пайызга азайтат. Дыйкандарга тиешелүү шарттарды түзүп, жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу максатында быйыл өлкөдөгү 8500 дыйкан-фермерге үч миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилген.

"Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунан насыяларды алуу менен дал ушундай логистикалык борборлорду, кампаларды, санитардык нормаларга жооп берген мал союучу цехтерди курууга болот", — деп билдирди премьер-министр.

Ал буга чейин ар бир акимге жылдын аягына чейин өз районунда 10дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0