Эстониянын Башкы прокурорунун орун басары: биометрияны колдонууга үндөйм

Жазылуу
Эстониянын Башкы прокурорунун орун басары Дилайла Накур-Таммиксаар шайлоону биометрикалык идентификациялоочу технологиялардын жардамы менен өткөрүүгө үндөй турганын билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын активдүүлүгү аны абдан таң калтырды.

"Участкалардын биринде эл аябай көп чогулгандыктан, имаратка милиция кызматкеринин жардамы менен кирдим", — деди ал.

Накур-Таммиксаар биометрикалык идентификациянын колдонулушу ага чоң таасир калтырганын белгиледи.

"Бул кайрадан добуш берүүнү жокко чыгарат экен. Мен эми Эстонияга баргандан кийин профилдик комитеттерден баштап өкмөткө чейин биометрияга өтүүгө үгүттөйм", — деди башкы прокурордун орун басары.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда биометрикалык маалыматтын негизинде парламенттик шайлоо өттү. Чет чактагыларды кошкондо республика боюнча 2374 шайлоо участкалары иштеп, 2 миллион 761 миң 297 жаран добуш берүүгө укук алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0