Москвадагы шайлоо участогун гимн ырдап ачышты

Жазылуу
Россиянын Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратындагы № 9001 шайлоо участогу өз ишин мамлекеттик гимн ойнолгондон кийин баштады.

Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого добуш берүү үчүн Россиянын Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск жана Владивосток шаарларында шайлоо участоктору ачылды.

Москвадагы № 9001 шайлоо участогу Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында жайгашкан.

"Парламенттик шайлоого Москвадагы мекендештерибиздин ичинен 4338и добуш бермекчи. Расмий алганда Россияда ачылган шайлоо участокторуна 9 375 кыргызстандык келип добуш берет деп турабыз ",— деп айтты Кулукеева.

Атамбаев өз добушун Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейиндеги шайлоо участогунда берди
Ал шайлоо кампаниясына добуш берүүчүлөрдү каттоодон өтүүгө бир жыл бою чакыруу жүргүзүшкөндүгүн билдирди. Үгүт иштери жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык тармак, коомдук уюмдар аркылуу жүргүзүлгөн, бирок каттоодон өткөндү каалагандар аз болгон.

Анын айтымында, бул жерде бир нече себептер бар: мекендештер Россиянын ар кайсы аймактарында жашайт. Аларды көбү каттоодон өтүү зарылдыгын билген эмес. Дагы бир себеп, тыным албай иштешкендиктен, саясий иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0