Такылдаган жеңелер шакылдаган колдору менен пахта терүүдө

Жазылуу
Учурда Кыргызстандын түштүк аймагында пахта терүү башталды. Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, түшүм жакшы болсо бир гектардан төрт тоннадан ашык пахта жыйналат.

Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев дыйкан менен фермелерди бардык жагынан колдой турганын айтты
Ош облусунун Кызыл-Мээнет айылынын тургуну, мектепте мугалим болуп иштеген Гүлбахар Раимжанова кызы менен азыр декретте. Бирок үйдө отура бергенден көрө, пахта талаасына чыгып жалданып иштеп, күнүмдүк тиричилиги үчүн акча таап алат.

Анын айтымында, терилген бир килограмм пахтага алар беш сомдон алат. Бир күндө орто эсеп менен 600-650 сомдой акча иштеп табышат.

Өктөм Рахматова быйыл жарым гектар жерге пахта айдаган. Учурда пахтаны фабрикалар 33 сомдон сатып алууда. Мындай баа дыйкандардын кеткен чыгымдарын эптеп жабат.

"Быйыл пахтанын баасы 32 сомдон башталды. Бул өтө эле төмөн, жок дегенде, 50 сомго чыкса жакшы болмок", — дейт ал.

Анын айтымында, пахтаны өстүрүүгө көп чыгым кетет. Аны убагында дарылап, жакшы карабаса, түшүм болбой калат. Анан калса, жер семирткич жана башка дарылар да кымбат.

Жаңылыктар түрмөгү
0