Тыныбекова жеңүү үчүн болгон күчүн жумшады, бирок… Лас-Вегастагы көрүнүш

Жазылуу
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло медалдан да, Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиададан да куру калды.

Лас-Вегас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн лицензиялуу дүйнөлүк чемпионат 7-сентябрдан 12-сентябрга чейин өтөт. Ошондой эле, эркин күрөш боюнча айымдар арасындагы дүйнө чемпиону да аныкталат. Бул чемпионатка жалпысынан 71 мамлекеттен келген күрөшчүлөр катышууда.

Лас-Вегастагы жеңиш — Арсен Эралиев атаандашын ары-бери көтөрүп чаап, айласын кетирди
Тыныбекова биринчи беттеште финляндиялык Петра Олли менен чыгып, утулуп калган. Андан кийин Тыныбекова сооротуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган кыргызстандык балбан кыз канадалык Кристина Фаззарини жеңип, лицензия алууга жана мелдештин күмүш медалы үчүн болгон беттеште швециялык Маллин Матсондон утулуп калды.

Ушул эле чемпионатта Арсен Эралиев бешинчи орунду ээлеп, олимпиадага катышуу үчүн лицензия утуп алган. Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп жөө күлүк Юлия Андреева лицензияга ээ болгон.


Жаңылыктар түрмөгү
0