Атамбаев: парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, президенттик шайлоодо маселе жаралбайт

Жазылуу
Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында президент Алмазбек Атамбаев октябрда өтө турган парламенттик шайлоо Кыргызстандын тагдырын чече турган өнөктүк болорун айтты.

10-сентябрда өлкө башчынын жетекчилиги алдында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, күн тартибиндеги маселелердин бири катары 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого болгон даярдык талкууланды. Президенттин айтымында, парламенттик шайлоо өлкөдөгү стабилдүүлүккө, кийинки шайлоолордун тынч өтүшүнө өбөлгө түзөт.

"Кудай буюрса, татынакай эле өткөрөбүз. Бул – Кыргызстандын тагдырын чече турган шайлоо. Баары бир парламенттик шайлоо элди бириктирет. Жогорку Кеңеш да партиялар боюнча жакшы мыйзам кабыл алып берди. Президенттик шайлоодо чоң оюндар кетет, эгерде бул өнөктөктү таза өтөрсөк, президенттик шайлоодо маселе чыкпайт", —деди Атамбаев.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт. Ага 14 саясий партия ат салышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0