Сириядан жарым жан болуп келген уулун көргөн энеси көз жашын тыя алган жок

Жазылуу
Жалал-Абаддык жыйырма жаштагы Хожакбар Кармахунов Сирияга барып бир нече жеринен ок жеп, Кыргызстанга кайткан. Анын айтымында, ал жаракат алгандан кийин Түркияга жеткирилген.

"Түркия менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын биргелешкен иштеринин натыйжасында, Кармахунов Кыргызстанга жеткирилди", — деп билдирди УКМК өкүлү Рахат Сулайманов.

Сириядан келген Хожакбар: жихад үчүн убада кылынган 10 миң доллар калп болуп чыкты
Кармахуновдун айтымында, ден соолугу начарлап, дарыгерлер алган жаратынан улам өпкөсүнүн жарымын кесип салышкан. 

Ал былтыр, 2014-жылы мартта Чеченстандын Грозный шаарына акча таап иштегени кетип, ошол аймактан "жихадга" азгыргандардын торуна түшкөн. Аларды Түркия-Сирия чек арасынан "Жабхат ал-Нусра" террористтик уюмунун мүчөсү тосуп алганын, Сирияга үндөгөндөр жолдо катар бир нече миң доллар убада кылып барганын билдирди.

Бир нече айдан кийин Хожакбар жарадар болуп, Түркияда операция жасатканн соң Кыргызстанга жарым жан болуп кайтты.  


Жаңылыктар түрмөгү
0