Төкмөлүк өнөрдү даңктаган "Алтын комуз" ээсин тапты

Жазылуу
ЭлТР телеканалы "Ак таңдай" теледолбоорунун финалдык беттешүүсүн өткөрүп, "Алтын комуз" сыйлыгын тапшырды. Бул сапар баш байге КРдин Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, төкмө акын Рахматулла Козукеевге ыйгарылды.

"Биздин максат – Кыргызстанда төкмөчүлүк өнөрдүн жашап кетишине, мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзүү", — деди ЭлТРдин башкы директору Максуда Айтиева.

Анын айтымында, "Алтын комуз" кубогу "Залкарлардын залкары" деген наам менен он жылда бирден ыйгарылат. Ал эми өрүктөн чабылып, алтын жалатылган "Алтын комуз" сыйлыгы бир жылда бирден төкмөлөргө тапшырылып турат.

Алдыңкы саптагы акындарга 140 миң сом акчалай байге, калгандарына кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0