Тяньаньмэнь аянтында Атамбаев башка президенттер менен чогуу парадга күбө болду

Жазылуу
КРдин президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын Японияга каршы согушунун 70 жылдык жеңиши жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына арналган парадга катышты.

Кыргыз офицерлери Кытайдын Японияга каршы согушунун 70 жылдык жеңиши жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын урматына Пекин шаарында аскердик парадында - Sputnik Кыргызстан
Кытайда болгон парад тууралуу кызыктуу фактылар
Парадга он миңден ашуун аскер кызматкер, жөө жоокерлер, аскердик техникалар жана авиациянын колонналары катышты. Кытай тарап парадда 500 техника жана 200 учакты көрсөттү.

Кыргызстандын президентинен сырткары, парадда башка чет элдик лидерлер, аскер кызматкерлери катышты. 74 адамдан турган Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын Ардак кароолу да парадда басты.

Атамбаев Кытайга иш сапар менен 1-сентябрда учуп кеткен. Анын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, сүйлөшүүдө 2015-2016-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуу программасы кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0