Көөрүк. Өчүрүлгөн көмүр. Зардалыдагы Токтоназар аксакалдын устаканасы

Жазылуу
Баткен окуясы башталып, эл көчө жөнөгөн Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Зардалыда азыр жашоо кайра өз нугуна келип, кадимки калыбында.

Калпак кантип тигилет?
Баткендин Зардалы айылындагы темир уста Токтоназар Исаевди жакын-тегеректеги жашагандардын чоңунан баласына чейин таанышат. Аксакал өзү жашаган айылдын эле эмес, коңшу айылдагылардын мокогон балта, теше, кетмендерин курчутуп, таканын түрүн жасайт. Айтор, майда-чүйдөсүнөн тарта ири темир буюмдарга чейин оңдоп берип, элдин сообуна калат.

Токтоназар атанын устачылык менен алектенгенине 40 жылга жакындап калыптыр. Турмуш-тиричиликке керектүү темир буюмдардын бир тобун завод, цехи жок эле өз колу менен жасап коёт экен.

"Элдин темир шаймандарын колдон келишинче сынган, жарылган жерлерин жамап, каңдап, оңдоп берем",— деди Токтоназар аксакал.

Уста аймактын эли унаа катары көп колдончу ат менен эшектин такасынан тарта анын мыгына чейин өзү жасарын айтып берди. Эң кызыгы, темирди эритиш үчүн пайдаланылган көмүрдү да өз колу менен өчүрүп алат экен.

"Ат менен эшекке жасап койгон такаларды, керек болгон адамдар алып кетишет. Ал эми темирди кызытыш үчүн жыгач көмүрдү пайдаланам. Таш көмүр деген бизде жок", — деди ал.

Ал бизге таканын колго кантип жасап аларын көрсөтүп да берди.

Чана кантип жасалат?
Аксакал устаканасында азыркы кыргыз усталары сейрек колдонуучу, дээрлик унутулуп бара жаткан көөрүктү колдонот экен. Ал эми небереси көөрүкчүнүн милдетин аткарып жатканын көрдүк.

Көөрүк — усталардын көмүрдү үйлөтө турган, эки туюк териден, ача жыгачтан, түтүк темирден турган аспап. Ал көмүрдүн чогун үйлөп отко жан киргизет. Темирди ийип жасаш үчүн аны кызытыш керек. Бул өңүттөн алганда көөрүк мурдагы замандарда темир усталардын негизги жардамчы буюму болгон. Көөрүктү уста эмес, экинчи адам атайын кылдан эшилген жиптин жардамы менен улам тартып, үйлөтүп турат. Аны кыргызда көөрүкчү деп атап коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0