ЖККУдагы Кыргызстандын контингенти Псковдо марштан желек көтөрүп өттү

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Псков облусундагы ЖККУнун Ыкчам кыймылга келүүчү жамааттык күчтөрдүн "Өз ара иштешүү-2015" деп аталган машыгуусу башталды. Анын ачылышы облустагы Россиянын Аба десанттык аскерлеринин 76-гвардиялык дивизиясынын базасында өттү.

ЖККУнун жардамга тез арада келе турган күчтөрүнүн машыгуусу Псковдо башталды
Бул иш-чара Псков облусунда жайгашкан Россиянын Аба десанттык аскер күчтөрүнүн полигонунда жайгашкан Струги Красные жана Кресты аэродромдорунда болот.

Машыгуу өткөрүүгө Россия, Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Тажикстандын улуттук куралдуу күчтөрүнүн аскерлери катышат.

Атайын даярдыктагы аскерлердин биргелешип жүргүзүлүп жаткан "Өз ара иштешүү" деп аталган машыгуу ЖККУнун Ыкчам аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнө кирген өлкөлөрдүн катышуусунда 2009-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ал ЖККУга мүчө мамлекеттеринин аймагында жүргүзүлөт. Биринчи мындай иш-чаралар Казакстанда башталып, 2010-жылы Россиянын Түштүк Уралдагы полигондорунун биринде уланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0