Миң сом берем, коё берчи – айдоочулар пара сунуштаган видео

Жазылуу
Жол кайгуул кызматы эксперимент катары инспектор менен айдоочуну жашыруун видеого тартып алышканын ЖКК маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.

Видеонун Каныбек аттуу каарманы Жол кайгуул кызматынын өз алдынча ротасынын инспектору. Маалымат катчы бул жерде эч кандай оюн болбогонун, айдоочулар видеого тартылып жатканы жөнүндө билишпегенин баса белгиледи. Муну менен катар ал пара берип видеого түшүп калган айдоочулар жоопко тартылбай турганын кошумчалады.

"Биз айдоочулар айып пул төлөөнүн ордуна болгон айла-амалды пайдаланып суудан кургак чыгып кетүүгө аракет кылышарын көргөзгүбүз келди", — дейт Оторов.

Кыргызстандын автоунаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Автожолдорду пайдалангандыгы үчүн жыйым төлөө эрежеси киргизилмекчи
Ал мындай иш-чараларды келечекте да өткөрүп туруу пландаштырылып жатканын, бирок анда айдоочулар жоопко тартыларын белгиледи. Оторовдун айтымында, жакын арада Бишкек шаары менен Чүй облусунун ЖКК инспекторлору айдоочулардын жол эрежесин бузганын жана алардын кызматкерлер менен болгон сүйлөшүүсүн каттай турган видео-фиксаторлор менен жабдыларын билдирди. 

Маалымат катчы аталган видео ЖКК инспекторлору айдоочудан пара талап кылган учуру тартылган чуулгандуу видеого жооп катары кабыл алынбашы керектигин айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0