КР танкачылары биатлондо бардык буталарды таамай атып, ийгиликке жетти

Жазылуу
Мелдеш соңуна чыгарына 10 күн калды. Азырынча биринчилик Россияда.

Танкист Бишкектеги парадда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын танкалары Россияда өтө турган мелдешке катышат
Мелдештин эки айлампасындагы экипаждардын көрсөткөн жыйынтыгы боюнча орундар аныкталды. Лидерлик Россияда, андан кийин Казакстандын, Армениянын, Кытайдын, Индиянын, Сербиянын, Кыргызстандын, Кувейттин, Тажикстандын, Венесуэланын, Никарагуанын, Монголиянын жана Анголанын командалары келе жатат.

Жеке мелдештер 6-августта аяктайт. Андан соң, экипаждар арасында жеңүүчүлөр аныкталып, жарым финалга чыга турган сегиз курама команда тандап алынат. Алардын ичинен эң мыкты деген төртөө Алабино полигонундагы Эл аралык аскер оюндарынын жабылышында, 15-августта боло турган финалдык таймашууларга чыгат. 

Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында Эл аралык аскер оюндары-2015 мелдеши 1-15- августта Новосибирскиден Каспийге чейинки он бир полигондо өтүп жатат. 17 өлкөдөн катышкан 57 команда өздөрүнүн аскердик тажрыйбасын жана чеберчилигин көрсөтүүдө. Мелдеш 14 түр менен өтүп, анда 480 медаль ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0