Жакшы маанай, жүрүш жана кызыктуу бий – эл аралык "Оймо" фестивалы

Жазылуу
Бишкек шаарынын борборунда жума күнү эл аралык "Оймо" фестивалынын ачылышы болду.

"Оймо" фестивалынын улуттук кийимчен коноктору шаардан каз катар тизилип өтүштү
Эл аралык "Оймо" фестивалы 2006-жылдан бери Кыргызстанда өтүп келет. Салтка айланып калгандай, фестиваль июлдун аягында жарманке ачылат. Августтун аягына чейин ал Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында улантылат.

Жарманкеден чет элдик коноктор, шаар тургундары колго жасалган түрдүү буюмдарды сатып алып, бийлеп, мода көргөзмөсүнө күбө болушту.

Андан сырткары, ондон ашык мамлекеттен келген фестивалдын коноктору Чүй проспектинен жөө өтүштү.

Эл аралык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Оймо" фестивалынын башкы маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0