Барби куурчагын кыргызга айландырган уз

Жазылуу
Кийим токуунун сырларын өз алдынча өздөштүрүп алган Лилия куурчактарды жасалгалоо боюнча ишкана ачууну көздөйт.

Кыргызга айланган америкалык Барби
Лилия Анжы алгач кадимкидей эле адамдарга кийим-кече токуп келген. Көбүнчө кыргыздын төбөсү көрүнүп калган жылдыздарынын кийимдерин жасалгалачу. 

Ымыркайдын элесин берген куурчакка кийим түйүп кийинтип көргөндөн кийин буга кызыгуусу күчөгөн. Улуттук келбеттеги куурчак жок болгондуктан, Лилия кадимки Барби куурчактарын кыргызга айландырат. Кашы-көзүн карага боёп, атүгүл кара жиптен чач да жасап кийгизет.  

Келини Жылдыз болбогондо, Лилия куурчактарды кийинтип коюп жүрө бермек. Жылдыздын айтуусу менен колго токулган кийим кийген куурчактарды сатыкка чыгара баштаган.

"Пайдаланган жип-шуулардын баары нукура. Жиптерди атайы Түркиядан, Ирандан алдырам. Куурчактарды абдан тандаа алам. Сатыкка чыгара баштагандан бери кардарлар абдан көп. Кээде жетишпей калам. Андай учурда келиним жардам берет", — дейт уз.

Лилия өнөрүн алып калчу шакирттерди даярдап чыксам дейт. Жыл аягы менен куурчактарды жасалгалоо боюнча ишкана ачууну көздөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0