10 пайыз жөнүндө — Сариев каржы министрлигиндеги паракорлук тууралуу айтты

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев шейшемби күнү Каржы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Ал өз сөзүндө аталган министрлик таза иштеши керектигин белгилеп, буга чейин болуп келген "10 пайыз" деген түшүнүк болбошу керектигин айтты.

"10 пайыз деген нерсе болгон да, аны эмнеге жашырабыз? Ар бир неседен 10 пайыздан алабыз деп атайын проблема кылып отурушчу. Андай болбош керек. Министрликтин бир ай, бир жумага жазылган планы болуш керек. Кайсы ишкерге качан акчасы которула турганы так белгилениши керек", — деди Сариев.

Өкмөт башчысы ошондой эле, ишкерлерди бул жакка цыгандай кылып, күнүгө темселетиштин кереги жоктугун айтып, андай практиканы токтотуш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0