Куттуктоо, намаз кылуу жана эсин жоготуу – Бишкекте Айт намаз окулду

Жазылуу
Бишкек шаарынын эски аянтында окулган Айт намаз учурунда бир киши эсин жоготту.

Орозонун аякташына арналган Айт намаз 17-июлда эртең мененки саат 7:40та жамаат менен окулду. Кыргызстанда Орозо 18-июнда башталып, 16-июлда аяктады. Быйыл Орозо 29 күнгө созулду.

Муфтий Максат ажы Токтомушевдин айтымында, Айт намазы Кыргызстандын бардык аймактарында окулду.

"Бишкектеги Айт намазын окууга 100 миңдей киши келди. Андан сырткары шаардагы мечиттерде да окулду", — деди ал

Около сотни тысяч верующих пришли на праздничный Айт Намаз в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарындагы майрамдык намаз
Майрамдык намазга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бир катар депутаттар, элчиликтин өкүлдөрү жана башкалар келди.

Намаз учурунда бир киши эсин жоготту, дарыгерлер кишинин "кан басымы түшүп кеткен" билдиришти. Жарым сааттан кийин ал киши өзүн жакшы сезип, досторунун коштоосунда үйүнө кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0