Баткендеги "сары кыздын тою" – өрүк жыйноо кандай жүрөт?

Жазылуу
Баткен облусунда өрүк бышып, жергиликтүү тургундар жыйнап жаткан кез. Өрүк терилип, андан соң соң ышталат.

Жергиликтүү тургун Кубат Карагулов өрүк кандай жол менен жыйналып, кургатыла турганын айтып, көргөзүп берди.

"Өрүк бышкандан кийин ушинтип кагылат же терилип алынат. Аларды жашиктерге салып, бир суткага жакын алтын күкүрт менен дымдайбыз. Андан кийин күнгө жайылып, данектери алынат", — дейт Карагулов.

Өрүктөр ышталгандан кийин ага курт түшпөйт жана ал өңүн алтын түскө өзгөртөт.

Өрүктүн баасы Баткендин базарында 800 сомдон жогору. Жергиликтүү тургун Карагулов мындай баа эмдиги жылга чейин сактала турганын билдирди. Себеби, быйыл жазында Баткенде өрүк гүлдөгөн маалда аны үшүк алып кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0