Тез, сарамжалдуу жана суукка чыдамдуу – Кыргызстандагы жаңы тепловоздор

Жазылуу
Билеттерди сатуудан жана жүктөрдү ташуудан түшкөн кирешенин 25 пайызы тепловоз паркын жаңылоого жумшалат. Бул багытка 265 миллион доллар кетет.

Акыркы үч жылда Казакстандан алты тепловоз сатылып алынган. Эки машинанын акчасын төлөө керек. Бир теполовоздун баасы 4,7 миллион доллар турат. Жаңы алынган машиналардын кыймылдаткычтары күчтүү жана айлана-чөйрөгө зыяндуу түтүндү 40 пайызга аз чыгарат.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаевдин айтымында, жаңы тепловоздор майды аз ичет жана Якутиядан сыноодон өткөн. "Кыргыз темир жолу" тепловоз паркын жаңылоого жалпысынан 265 миллион доллар жумшайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0