Бишкекте жол эрежелерин эң көп бузуучулар - маршруттук такси айдоочулары

Жазылуу
Маршруттук таксилердин айдоочуларынын 119унун 10у гана жол эрежесин билүү боюнча экзаменден өтө алган. Бул кабарды иш жүзүндө Sputnik сайтынын кабарчысы текшерип көрдү. Жыйынтык сүйүнтөрлүк эмес.

Кичи автобусту башкаруучу 119 айдоочунун 10у гана жол эрежеси боюнча экзаменден өткөн
Жарым сааттын ичинде эле маршруттук таксилердин айдоочулары 20дан ашык мыйзам бузганына күбө болуп, аларды видеого тартып алууга жетиштик.

30-июндан тарта Бишкектин аймагында "Жүргүнчү транспорту" аталышындагы рейд жүрүүдө. Рейд учурунда Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочуларына карата 458 административдик протокол түзгөн. Жол эрежеси боюнча экзаменди кайта тапшырууга жөнөтүлгөн 119 айдоочунун 10у гана экзаменди тапшыра алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0