"Город 312" тобунун солисти: "Сен менин" ыры визиттик карточкама айланган

Жазылуу
"Город 312" тобунун солисти ал кыргызстандыктар үчүн Айя аттуу каймана ысым менен эмес, Светалана Назаренко боюнча калганын түшүндүрдү.

Ырчы Сардарбек Жумалиевдин "Сен менин жазылбаган ырларымсың" аттуу чыгармасы анын визиттик карточкасына айланганын белгилейт.

"Абдан уккулуктуу чыгарма. Адам сүйгөнү ал үчүн бүт бардыгы экенин айтып, арзуусун билдирип жатат", — дейт Назаренко.

Айя каймана аты ICQга кирүү үчүн пайдаланылчу, кийин россиялык угармандар ырчы айымды дал улуш ат менен таанышты.

"Мен кыргыз тилин түшүнөм. Эгер мени тилдеп же мактап жатышса, жооп бере да алам. Бирок антпейм", — дейт ырчы.

Назаренко кыргызча сөздөрдү так, даана айтышында устаты Рафаил Сарлыков менен курбусу Жылдыз Осмоналиеванын эмгеги чоң экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0