Европалыктарды чимирилип бийлеген "Ак-Марал" ансамбли суктантты

Жазылуу
"Ак-Марал" ансамбли Брюсселдеги эң кооз жана эң чоң театрлардын бири Бозарда 29-июнда бийлегенин топтун директору Азамат Асылбашев Sputnik сайтына билдирди.

"Ак-Маралдын" бийчилери европалыктарга кара жоргону үйрөтүүдө
Концертке Германия, Франция өңдүү бир катар элчиликтердин өкүлдөрү менен шаар тургундары келип, кыргызстандык бийчилердин талантын жогору баалап, кол чабуулар менен колдошту.

Бул концертти Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги уюштурган.

"Ак-Марал" бий ансамблинин көркөм жетекчиси Бермет Асылбашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0