АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы митинг — кайым айтышуу, күлкү жана плакаттар

Жазылуу
"Манас" аэропортундагы АКШнын аскер базасы чыгарылгандыктан жана өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киришинен улам элчилик Кыргызстандын жарандарына виза бербей жатат деген оюн митингди уюштуруучулардын бири Лариса Логинова билдирди.

Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына Work And Travel программасы боюнча Америкага баруу үчүн виза ала албай калган студенттер митингге чыгышты. Каршылык акциясына 20дай киши чогулду.

Лариса Логинованын айтымында, анын компаниясы АКШда иштегиси келген студенттерге ортомчулук кызматын сунуштайт. Бул жылы анын фирмасы аркылуу аталган программа боюнча Америкага барууга 49 киши даярданып жаткан.

"Алардын ичинен бирөөнү гана өткөрүштү, бирок 2013-жылы дээрлик бардык студенттерге мүмкүнчүлүк берилген эле", — деди Логинова.

Анын айтымында, "Манас" аэропортундагы АКШнын аскер базасы чыгарылгандыктан жана өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киргендиктен" элчилик ушундай аракеттерди жасап жатат.

Логинова кошумчалагандай, АКШга барууну каалаган кыргызстандык студенттер 300 доллардан 500 долларга чейин акча коротконун жана алар кайтарып берилбегенин кошумчалады.

Митингге чыккандар жок дегенде алардын акчаларын кайтарып берүүнү суранууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0