МАИ кызматкери жөндөн жөн эле атты – күбөнүн көрсөтмөсү

Жазылуу
Тилек Шабаевдын кесиптеши Керим Акматов аны өлтүргөн учурда жанында отурган. Ал бейшемби күнү болгон окуя тууралуу Sputnik сайтынын кабарчысына кенен айтып берди.

МАИ кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Тилек Шабаевдин мурдагы кесиптеши, Чүй облусундагы Москва районундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери Керим Акматов укук коргоо органдарынын версиясын карандай калп деп айтты.

ИИМдин маалымат кызматы буга чейин билдиргендей, 11-июнда болжол менен түнкү саат 10.00дөр чамасында Чүй облустук ИИББдин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жол эрежесин бузган "Ниссан Альмеро Тина" автомашинасын каттоого алган. Унаанын айдоочусу Жол кайгуул кызматынын токтоткон белгисине баш ийбей койгон.

"Айдоочу экинчи жолу токто деген талапка баш ийбей, инспектордун бутун тебелеп кеткен. Жол кайгуул кызматынын кызматкери кулап баратканда, ок өзүнөн-өзү атылган. Ал машинанын айдоочусуна тийген", — деп ИИМ буга чейин билдирген.

Бычакчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эс алууда жүргөн милиция кызматкерлери бычакташа кетти
Жабыр тарткан айдоочу Тилек Шабаев (1992-жылы туулган) ооруканага жеткирилген жеринде  каза болгон.

Айдоочудан сырткары, автомашинанын ичинде эки кыз жана бир бала бар эле. Министрликтин маалыматына ылайык, алар мас абалында болушчу.

Айдоочуну аткан Жол кайгуул кызматынын кызматкери дүйшөмбү күнү Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына эки айга камакка алынган.

Москва райондук прокуратурасы Чүй облустук ИИББдин Жол кайгуул кызматынын кызматкерине карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык абалынан ашыкча жогорулатуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0