Пара берген маданият министринин орун басарын кармоо учуру

Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев өзүнө козголгон кылмыш ишин жаптыруу үчүн тергөөчүгө пара сунуштаган.

2014-жылдын июль айында Максат Чакиев Ю.П. аттуу чет элдик жарандын ишенимине кирип, туризм тармагында бирге иштейбиз деп ага Туризмди өнүктүрүү кеңешине мүчөлүккө катталуу үчүн жасалма күбөлүк берген. Өз кезегинде чет элдин жараны Чакиевди материалдык жактан ыраазы кылышы керек болгон.

Маалыматка ылайык, Чакиев бир нече жолу пара сунуштаган. Экинчи жолу пара сунуштап аткан учурда кабинетинен кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0