Атамбаев Кыр-Жол аймагындагы сегиз үй-бүлөнү тез арада көчүрүүгө тапшырма берди

Жазылуу
Мамлекет башчысы кырсыкка кабылган Кыр-Жол айылынын эли менен жолугуп, кырсыктан каза болгондорго Куран окутуп, көңүл айтты.

"Бул жерде губернатор да турат, тез арада коктудагы 8 үйдү көчүрүп, тез арада аларга жер таап, бөлүк бериш керек. Акчасын табабыз, эч ким көчөдө калбайт",— деди. 

Бул маселелерди чечүүгө президент менен кошо келген өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жумагүл Эгембердиевага тапшырма берди. 

23-майдан 24-майга караган түнү саат экилерде Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыр-Жол айылында жер көчкү түшүп, беш үйдү басып, алты адам көчкүнүн астында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0